Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри менен Мамлекеттик каттоо кызматы биргеликте жаңы төрөлгөн ымыркайга бир жолу берилүүчү сүйүнчү акчаны алуунун оңой жолдорун карашууда.
Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Белгилей кетсек, сүйүнчү акча 4 сом өлчөмүндө болмокчу.
Министр Таалайгүл Исакунованын айтымында, бир жолу берилүүчү пособиенин алуу жолдорун оңойлоштуруу зарыл.
«Бала төрөлгөндө сүйүнчү алуу ыңгайлуу болуусу үчүн сүйүнчү акчаны белгилөөгө Мамлекеттик каттоо кызматынын системасы аркылуу электрондук байланыш алкагында арыз берилет. Жарандар баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу менен бул арызды жазган болушат», - дейт министр.