Бишкек ЖЭБинин айрым жабдыктарынын жарактан чыгып калганынан улам, авариялык кырдаал жарыяланып, шаардагы көп кабаттуу батирлерге жылуулук жетпей калды. какшап-үшүгөн шаар тургундары нааразычылыктарын соцтармактарга жазышты.
Фэйсбуктун Зарылкан Бакирова аттуу колдонуучусу тамаша-чынын аралаштырып, билдирүү калтырды:
Биздин квартирада батарея эптеп эле жылымык, үйдө ашып кетсе 10 градус! Дагы жакшы жаш балдар жок, чоң кишилер тон кийип, болгон обогревателдерди сайсак да жылыбай атат! Албек мырза! Сиздин үйүңүз кандай, үшүбөй элесизби? Сиз үшүбөңүз, биз эмне, жаз келсе эптеп жылырбыз! Сапар иним, сиздики жылуу элеби? Бир кыш температура 20 градус болуп калса, өкмөттүн чимкириги куюлуп калды, 2 кыш ушундай болсо эмне болот? Жаңы реконструкцияланган 386 млн$ кеткен ЖЭБдин кебетеси ушул болсо, анан ишенгенибиз силер болсоңор, уят эмеспи, урматтуу эл жүгүн алган эрендер?"
Белгилей кетсек, ЖЭБ акыбалды бир нече саат ичинде калыбына келтирүүгө убада берген.