Печать
Категория: Коом
Просмотров: 148

 

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге карата ачылган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары дагы узартылды.

 

Бул тууралуу Биринчи май райондук соту маалымат каражаттарына билдирген.

 

Маалыматка караганда, тергөө амалдарынын узартылышы менен айыпталуучунун да баш коргоо чарасы узартылган.

 

Эске салсак, Канат Исаев 30-сентябрда камакка алынган. Ага бийликти күч менен басып алууга аракет көрүү боюнча айып тагылган.