Печать
Категория: Коом
Просмотров: 191

 

Бул тууралуу шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда,    сууктун күчөгөнүнө байланыштуу  Бишкектин бардык райондорунда  үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берүүчү түйүндөр иштеп жатат.

 

Биринчи Май районундагы  "Коломто" борборунда үй-жайсыздарга ысык тамак, баш паанек берилип, медициналык жардам да көрсөтүлдү.

 

Ленин районунда жаш балалуу аялдар үчүн "Кайрымдуулук борбору" иштеп жатат. Учурда ал жерде 38 адам бар, алардын ичинен 18и жаш  балдар.

 

Ошондой эле Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, мындай жайлар Свердлов жана Октябрь райондорунда  да иштеп жатат.