Печать
Категория: Коом
Просмотров: 134

 

Темир Жумкадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук отурум башталды. Кечээ, 25-январда отурумда жол кырсыгына айыпталып жаткан  Афтандил Таалайбек уулу күнөөсүн моюнуна алды.

 

Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

 

Бирок, айыпталуучу  2 млн 127 миң сом чыгымды төлөй албай турганын айтты.

 

«Менда андай каражат жок, төлөй албайм», - деди.

 

Белгилей кетсек, айыпталуучу 25 жашта. Ал айдоочу жүк ташуучу унаа айдоого укук берген айдоочулук Е категориясын жол кырсыгына кабылганга  чейин төрт ай мурда алган.

 

Кийинки соттук териштирүү 30-январга белгиленди.  

 

Эске салсак,  вице-премьер-министр Темир Жумакадыров отурган автоунаа  7-октябрь күнү Бишкек-Чалдыбар жолунда жол кырсыгына туш болуп, андан улам вице-премьер, анын жардамчысы жана айдоочусу көз жумушкан.