Равшан Жээнбеков, экс-депутат:
“Демократиянын өсүшүнө салым кошуп, адилеттик үчүн күрөшкөн гезиттин эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем”

- Гезит ачуу коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү гезит бетине чагылдыруу чыны менен чоң түйшүктү талап кылат. “Майдан.kg” гезити мына ушундай түмөн түйшүктүү ишти аркалап келгенине быйыл 7 жылдын жүзү болуптур. 7 жыл аралыгында эмне деген оор кырдаалдарды баштан кечиргенине карабай гезитти токтотпой чыгарып келишти. Адилеттик, акыйкаттык үчүн күрөшүп, коомдогу жагымсыз нерселерди жазып, бийликтин сөз эркиндигин муунткан аракеттерине каршы күрөшүштү. Мына ушундай түйшүктүү ишти аркалап, мамлекетибиздеги демократиянын өсүшүнө салым кошуп, адилеттик үчүн күрөшкөн гезиттин эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем. Жана майрамыңар менен чын дилимден куттуктайм.
Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы:
“Кылым карыткан тарыхта өз ордуңарды тапкан гезиттерден болгула”
- Көп гезиттер ачылып, кайра каражаттын же башка маселенин айынан жабылып жатканда “Майдан.kg” гезити баштагы басыгынан жазбай токтоосуз чыгып келе жатат. Бул ошол гезитте иштеген кызматкерлердин эрдиги. 7 жыл аралыгында бул гезит башынан не деген кыйынчылыктарды өткөрдү. Бирок, ошого карабай барга көппөй, жокко чөкпөй баштагы позициясынан тайган жок. Азыр да гезитте чындыкты туу туткан, адилеттик үчүн күрөшкөн макалалар толтура. Кандай кырдаал, кандай маселе болбосун өз чындыгын жазышат. Алдуулар алсыздарды басмырлап, жок кылгысы келген коомдо мына ушундай гезиттердин көп болушу баарыбыз үчүн пайдалуу. Түйшүктүү ишиңерге ийгилик каалайм. Жети жылдык юбилейиңер кут болсун. Окурмандарыңар мындан да көп болуп, кылым карыткан тарыхта өз ордуңарды тапкан гезиттерден болгула.
Каныбек Темиров, тележурналист:
“Гезиттин редактору баарынан чындыкты жогору койгон, калыстыкты туу таткан патриот жигит”

- Бийликти сындап, өз оюн ачык билдирген гезит чыгарыш үчүн да эрдик керек. “Майдан.kg” гезитинин редактору эч кимден коркпогон, баарынан чындыкты жогору койгон, калыстыкты туу таткан патриот жигит. Ошон үчүн окурмандары сүйүп окуган гезит ачып отурат. Айтайын дегеним, азыр гезит ачкандан жабылганы бат болгон заманда гезитти үзгүлтүккө учуратпай чыгаруу да машакаттуу иш. “Майдан.kg” гезити мына ошондой кыйынчылыктарга карабай Кыргызстанда эки мыкты гезит болсо, бири боло алды. Мен гезиттин эмгек жамаатын жана гезиттин окурмандарын майрамы менен куттуктайм.
Алмазбек Каримов, “8-каналдын” жетекчиси:
“Издеп жүрүп окуган окурмандардын көп болушун каалайм”
- “Майдан.kg” гезитинин редакциясын жана окурмандарын 7 жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм. Газета негизделгенден баштап, мамлекетибиздин тагдыры, өсүшү, кыйынчылыгы менен терең байланышта болуп, ошончо жылдан бери өзүнүн тарыхын түзүп, көпчүлүккө кесип ээлерине жакшы мектеп болду. Убакыт өтүп көп нерселер өзгөрдү. Гезиттин мазмуну, тематикасы, стили, бирок негизги өзөгү ошол бойдон калды. Газета жети жыл эл менен бир болуп, маанилүү окуялар, инсандар, саясат, социалдык темаларды чагылдырып, тарыхый жолдорду окурмандар менен бирге басып өттү. Бүгүн силердин газетаңар ЖМКда өзүнүн барктуу ордун таап, жаш болсо да, күчтүү, интелектуалдуу жамааты менен бардык кыйынчылыктарга туруштук берип, эл үчүн, мамлектибиз үчүн көп кызмат кылат деп терең ишенем. Сиздерге ден соолук, бакыт, ийгилик, чыгармачылык жана гезитти издеп жүрүп окуган окурмандардын көп болушун каалайм.
Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
“Акыйкаттык жана адилеттик каалайм”
- Кантсе да эл оозуна алынып калган гезитке жакшылык, ийгилик, профессионалдуулукту, акыйкаттыкты жана адилеттикти каалайм.
Рита Карасартова, коомдук ишмер:
“Өз ишин токтотпой, ачуу чындыкты элдин кеңири катмарына таркатты”
- Азыркы күндө Кыргызстанда сөз эркиндиги кысылып, көп окурмандар интернет басылмалар менен гана иштеп калганда “Майдан.kg” гезити өз ишин токтотпой, ачуу чындыкты элдин кеңири катмарына таркатып жатканы бул чоң жетишкендик.
7 жылда газета өз окурманын аныктап, бутка турууга кеткен убакыт. 7 жыл ийгиликке жетип, окурман топтоону көппү, азбы ушул гезиттин редакциясы гана билет. Чынын айтыш керек гезит ачуу, элдин көйгөйлүү маселелерин жазуу, бийликтин куугунтугуна кабылуу оңой иш эмес. Кыскасы, 7 жыл бул сыноо мөөнөтү. Бул ишти мыкты алып кетүү ишке ашабы же жокпу ушул мөөнөттө билинет. Эң негизгиси “Майдан.kg” гезити пайдалуу, кызыктуу, терең ойго сала турган макаларыды жазып, өз окурманын тапканы – бул жакшы көрсөткүч. Бирок, алдыда дагы көп замандын чакыруулары күтүп турат. “Майдан.kg” жалпы жааматынын иштерине албан ийгиликтерди каалап, дайым кыргыз элиме агартуу жана аң сезимин өзстүрүү милдетин аткарып жүрө беришине тилектешмин. 7 жылдык юбилейиңер кут болсун.
Жолдошбек Бусурманкулов, коомдук ишмер, жазуучу:
“Элдин ой-пикирин таш күзгүдөй туура чагылдырган басылма болду”
- Элибизде: “Жетиге чыкканча жерден таяк жейт”- деген сөздөн башкача болуп “Майдан.kg” гезити эч кимден таяк жебей эле жерден боорун көтөрүп кетти. Анткени, алган багыты менен айткан ойлору түз , калыс болуп, элдин ой-пикирин таш күзгүдөй туура чагылдырган басылма болду.Ушул басыгыңардан жазбайт деп ишенем. Майрамыңар кут болсун “Майдан.kg” гезитинин эмгек жамааты.
Төлөгөн Келдибаев, коомдук ишмер:
“Коомчулукка адилеттүлүктү жеткирген өз орду бар гезит”

- “Майдан.kg” гезити калыстыктан тайбаган, өлкөбүздө адам укугун жана мыйзамдуулуктун болушуна салым кошкон, коомчулукка адилеттүлүктү жеткирген өз орду бар, бир саясатчынын же бир адамдын кызыкчылыгы үчүн буйрутма макалаларды баспаган, чагымчылдыкка жол бербеген массалык маалымат каражаты катары калыптанды. “Майдан.kg” гезитин эмгек жааматына кааларым калыстыктан жазбай, мекен, эл үчүн мындан ары да салымдарын кошушуна тилектешмин.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити