Бой келбети келишкен кыздардын денесин жарым жылаңач кылып көрсөтүп шоу-бизнес жасагандардын кызыкчылыгы башка жакка оогонбу же келе жаткан ит жылына “сюрприз” жасайлы дешкенби, 22-декабрда борбор калаадагы Bishkek Park соода борборунда Dog’s Fashion Show 2018 деп аталган иттердин мода көргөзмөсү өткөрүлүптүр. Мода көргөзмөгө 17 ит катышып, ар түрдүү жаңы жылдык формалар менен чыгышкан. Оюңа келгендин баарын жасап акча жасасаң боло берген биздин заманда анысына да мейли дечи. Бирок кыргыздын улуттук кийимдери менен сахнага чыккан башка улуттун бийкечи жетелеген итине ак калпагыбызды кийгизип койгондугу көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө. Мамлекеттин туу, герб жана гимн сыяктуу символикаларынын катарында турган ыйык баш кийимибиздин минтип, болгондо да өз жерибизде кордолуп жатышын кандай түшүнсөк болот? Бул элибиз кастарлап кийген баш кийимди, бүтүндөй кыргыздардын маданиятын көз көрүнөө тебелегендик эмеспи. Бирок иш чаранын уюштуруучулары “Ал кыздын эч кандай жаман оюу жок болчу, кара жоргону да бийледи, түшүнүү менен кабыл алыш керек...”,- деп иттин ээсин жанталаша коргоп жатышын кандай түшүнсөк болот. Деги маданият министрлиги, “Маданият өлдү эле, өлдү”,- деп өлөң айткандар мындай итчиликке эмне дейт болду экен?
Булак: “Майдан. kg” гезити