- Сиз үчүн депутаттык кызмат кандай мааниге ээ? Анын кандай пайдалуу жактарын көрүп жатасыз?
- Мамлекеттик кызмат, анын ичинен депутаттык кызматка келүү - мен үчүн жеке пайдама иштөө же баюу эмес. Бир гана максат элге кызмат кылуу, жалпы тургундардын пайдасына жараган иш аракеттерди жүргүзүүгө салым кошуу. Мен үчүн эң башкысы канча убакыт иштебейли артымда из калтырып, элге керегим тийген инсан болсом деген тилегим.
- Депутат катары өтүп бара жаткан жылы сиз демилгечи болуп, элге пайда алып келе турган кайсы мыйзамдарды кабыл алдыңыздар?
- Жалпысынан алып караганда узап бара жаткан 2017-жылы элге пайда алып келе турган бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Алардын арасынан кесиптештерим менен кошо ишке ашырган мыйзамдардын эң негизгилери катары жеке менчик мектептерди салыктан бошотууну айтсам болот. Биз келечек муундарга билим берүүгө олуттуу карап, өзгөчө басым жасашыбыз керек. Бул багытта жеке менчик мектептерди салыктан бошотуп, мамлекеттик жеке өнөктөштүк катары иш алып барсак билим берүүнүн сапаты натыйжалуу болот деп ойлойм.
Мындан сырткары дагы бир маанилүү мыйзам катары өлкө аймагында жолдор менен көпүрөлөр салына турган жерлерди трансформациялоодон бошотууну айтар элем. Буга чейин кайсы бир айылга жол же көпүрө салыныш керек болсо, ал жерди трансформациялоо үчүн айлап-жылдап убакыт кетчү. Качан бул маселе чечилмейинче иш башталчу эмес. Мындай көрүнүш эски бюрократиялык система катары калыптанып, элеттин элиндеги муктаждыктарды убагында чечүүгө тоскоол болот. Андыктан мындан ары жол көпүрө курула турган жерлер эч кандай кармалбастан муктаждыктар болгон аймактарда курулуш иштерин дароо баштоого болот.
Ошондой эле дагы бир жагымдуу жаңылык катары бир нече эл өкүлдөрү биригип, көптөгөн талкуудан өткөрүп, 2018-жылдын 1-январынан баштап жаңы төрөлгөн наристеге жөлөк пул берүү маселесин ишке ашырдык. Бул үй-бүлөлөрдү колдоого аз да болсо көмөк болоруна ишенем.
- Жол кырсыктарын азайтуу боюнча кандай сунуш берет элеңиз, деги эле өзүңүз унаа башкарганда айдоочулук күбөлүктү алдырып же жол эрежелерин бузган учурлар болду беле?
- Жол кырсыктарынын көп катталышына биринчи кезекте айдоочулардын кош көңүлдүгү жана алардын жол эрежелерин толук билбегендиги себеп болууда. Андыктан айдоочулук күбөлүк алуу талаптарын күчөтүү зарыл. Авто мектептердин санын азайтып, сандан сапатка өтүү керек. Ошондой эле унаалардын техникалык абалын текшерүү алынып салынгандан кийин алардын коопсуздук жагына эч ким көңүл бурбай калды. Негизги техникалык кароонун болгон жакшы.
Ал эми өзүм тууралуу айта турган болсом, көп жылдан бери рулга отура элекмин, мен унаа айдабайм. Бирок ошол эле учурда айдоочума катуу талап коем. Биз элге үлгү болушубуз керек. Жолдо жүргөн кезде дайыма акырын айдоого жана жөө жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл бурууну айтам.
- Быйылкы жылы өлкөдө негизги саясий окуя катары президенттик шайлоо болду. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эсте кала турган кайсы кадамдарын айтар элеңиз?
- Буга чейинки өлкө башчысынын эң негизги ийгилиги – өлкөнүн туруктуулугун сактагандыгында болду. Бул аралыкта биз митинг жана ар кандай башаламандыктарды билбей, мамлекетте тынчтык орноп, саясий оош кыйыштар болгон жок десем болот. Мындан сырткары алты жыл аралыгында аткарылган иштерге токтоло кете турган болсом, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу менен Датка-Кемин долбоорун айтар элем. Стратегиялык мааниге ээ болгон бул эки долбоор тарыхта кала турган элдин социалдык турмушун жакшыртууга жана өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө зор салым кошоруна ишенем. Жыл тогошор мезгилде биометрикалык маалыматтардын негизинде Борбор Азияга үлгү боло турган таза шайлоо өткөрүп, бийликти тынчтык жолу менен көпчүлүк добушун берип, эл шайлаган талапкерге өткөрүп берди. Бул өтө чоң жоопкерчилик жана акылмандык деп айтар элем. Ошондой эле, Кыргызстанда стабилдүлүк орноду, бийликти тынч жолу менен өткөрүп берилди.
- Эл өкүлдөрү эл менен кандай иштешет? Бир жыл ичинде сизге канча кат келди, канчасына жооп бердиңиз жана алардын негизгилери кайсы тармактар боюнча келет?
- Коомдук кабылдамага, жеке өзүмө келген каттардын саны абдан көп. Каттоодон өткөнү быйылкы жылдын эсебинен жүздөн ашык болду. Алардын бардыгына жооп кайтардым десем болот. Негизинен материалдык жардам сурап кайрылгандар, сот тарабынан укуктары корголбой жаткан жарандар жана түрдүү социалдык маселелерин чечип берүүгө көмөк сурап кайрылгандар көп. Каттардын мазмунун карап көрүп, чындап өтө муктаж болгондорго колумдан келген жардамымды аябайм. Мындан сырткары Ош шаарындагы көзү азиз балдардын мектебине дайыма колдоо көрсөтүп муктаждыктарын камсыз кылып келем.
Булак: “Майдан. kg” гезити