Печать
Категория: Коом
Просмотров: 288

 

Бишкекте киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Ал депутат Аида Салянованын инисинин өлүмүнө башкы шектүү катары сыпатталууда.

 

Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, учурда шектүү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

 

 Ал кечээ кечинде кармалган. Бишкектин 29 жаштагы Э.О. аттуу жаранынын жанынан далил буюм – Макаров тапанчасы номерлери өчүрүлгөн 17 огу менен табылган. Ал курал жана ок экспертизага жөнөтүлдү. Учурда кармалган адам кылган кылмышын моюнуна алган көрсөтмө берүүдө.

 

ИИМден билдиришкендей, эми кылмыштын калган шектүүлөрүн кармоо аракеттери жүрүүдө.

 

Эске салсак, депутаттын иниси Улан Салянова өз үйүндө 5-ноябрда киши колдуу болгон.