Бишкек шаарында жаш жигит кафенин сейфинен 350 сом жана 11,7 миң доллар уурдап алган.
Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Свердлов райондук ИИБине Кытайдын жараны арыз менен кайрылган. Ал 12-декабрда түнү кафесинин сырткы эшигин талкалап бейтааныш адамдар кирип келишип, сейфтен 350 миң сом жана 11,7 миң доллар уурдап кетишкенин айткан.
Факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, Ысык-Көл облусунун 19 жаштагы тургунун кармашкан. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 5,6 грамм конопли, 5 620 сом, 1600 юань, 205 доллар, алтын сөйкө, эки уюлдук телефон, ноутбук жана планшет табылган.
Шектүү уурдаган акчасына эки автоунаа: 5 миң долларга BMW-745 жана 2,9 миң долларга BMW-320 сатып алганы белгилүү болгон. Автоунаалардын биринен огу менен травматикалык тапанча табылган.
Шектүү Бишкектеги дагы жети уурдап-тоноого катыштыгы бардыгын моюнуна алган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.