Бүгүн, 25-декабрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстанга расмий сапар менен барат.
Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында кыргыз президенти казак президенти Нурсултан Назарбаев менен тар чөйрөдө жолугушат.
Андан кийин ЕАЭБ алкагында эки мамлекеттин кызматташтыгындагы маселелер тууралуу кеңири сүйлөшүшөт.
Эртең, 26-декабрда Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москва шаарына багыт алат.