Жалал-Абад ИИБиси итти мыкаачылык менен өлтүрүп, ал кылыгына маашырланып видеосун интернетке жүктөгөн жаранга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти.
Видеодо Жалал-Абаддагы менчик үйүндө жаш жигит итке мылтыктан ок чыгарып, мыкаачылык менен өлтүргөн. Бул кылыгына жигиттин маашырланганы жүзүнөн байкалат.
Бул видео коомдук резонансты жараткан.
Маалыматка караганда, факт боюнча Жалал-Абад ИИБи текшерүү чараларын жүргүзүп, болгон окуянын чын-төгүнүнө жетишкен.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, видеодогу окуя ушул жылдын сентябрь айында Сузак районунда болгон. 1997-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран «Алабай» породасындагы ити оорукчан болуп калгандыктан, жигиттин досун тиштеп, тоокторго да кол салганын билдирген. А мылтык атасыныкы экенин айткан. Бирок, текшерүү учурунда мылтыктын каттоосу ушул жылдын декабрь айынын башталышына гана чейин экендиги, андан кийин узартылбаганы белгилүү болгон.
Бул факт боюнча тийиштүү документтер чогултулуп, КР кылмыш жаза кодексинин 264 (жаныбарларга мыкаачылык мамиле жасоо) – беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.