Печать
Категория: Коом
Просмотров: 163

 

 

 


"Эйр Манас" авиакомпаниясы 23-декабрдан тарта "Бишкек-Ташкент-Бишкек" багытында авиакаттамдарды аткара баштады.

 

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 23-декабрда алгачкы учак Ташкентке учуп кетти. Ага жалпы 105 киши билет алган.

 

Эми ар аптанын шаршемби жана ишемби күндөрү "Бишкек-Ташкент-Бишкек" багытында учактар каттап турат. Билеттин баасы 110 доллардан жогору.

 

2018-жылы "Ош-Ташкент-Ош" каттамын кайра ачуу мерчемделүүдө. Буга чейин "Ташкент-Бишкек" багытында шейшемби, бейшемби күндөрү "Uzbekistan Airways" компаниясынын гана учагы каттап келген.

 

13-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Ташкентте жолугушуп, транспорттук каттамдар боюнча макулдашкан эле.