Депутат Рыскелди Момбеков Улуттук банктын башчылыгына талапкер болуп жаткан Толкунбек Абдыгуловго сын айтты.
«Биринчи вице-премьер катары да, вице – премьер катары да өзүн көрсөтө албадыңыз. Атагыңызды чыгарган жалгыз нерсе – наркотика тууралуу айткан анекдотуңуз болду. Мен бийликтин кадрдык саясатына таң калам. Же сизге Улуттук банкты 49 жылга арендага эле берип койсокпу. Сиз кайра кайра эле өзүңүздүн чөйрөңүзгө кайтып келип жатасыз. Биз сизди биринчи вице-премьерликке чоң ишеним менен дайындаганбыз, а сиз гүлдөн гүлгө конгон көпөлөктөй эле кызматтан кызмат алмаштырып жатасыз», - деди депутат.
Толкунбек Абдыгуловдун депутат эске салган «анекдоту» - ал Улуттук банктын төрагасы болуп турган кезде өлкөгө «туристтик бейишти» орнотуу үчүн марихуананы легалдаштыруу керектигин айткан. Ал мындай сунушту ушул жылдын май айында жолдогон.