Түрк полициялары дубинка менен кызды уруп жатканын чагылдырган видео интернетте тараган. Анда таяк жеп жаткан кыз кыргызстандык экени маалым болгон.
17-декабрда жабырланган Ранохан Ариповго Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Стамбулдагы башкы консулдугу кызды сабаган полиция кызматкерлерине жаза бердиртүү үчүн сот органы менен иштешүүнү улантууда. 2018-жылга белгиленген кезектеги сот процессине жабырлануучу да катышат.