Печать
Категория: Коом
Просмотров: 163

 

Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулуш иштери токтогон. 500 жумушчу  жарым жылдан бери эмгек акыларын алыша элек.

 

Бул тууралуу маалымат жыйынында белгилүү болду.

 

Аталган жолду курууга тендерди кытайлык «Лонг Хай» компаниясы утуп алган.

 

Ушул компаниянын жумушчуларынын профкомунун төрагасы Бейшекадыр Сарыбаевдин айтымында, алар маяна алууну жарым жылга жакын убакыт күтүшкөн.

 

«Эми Жаңы жылдын алдынан өкмөткө, депутаттарга, деги эле унаа жолунунун курулушуна кайдыгер болбогондорго  үмүт менен кайрылып жатабыз. Беш айдан бери жумушчуларга айлык төлөнбөгөнү бизди капа кылууда. Биз компаниянын жетекчилигине кат жүзүндө кайрылдык, жооп катары өлкө жетекчилиги айлык акыга акча которбой жатат деп айтышты. Транспорт министрлигине кайрылдык, өкмөткө да расмий кат жолдодук, бирок, алиге чейин так жооп ала элекпиз», - дейт ал.

 

 Айтымында, жумушчулардын айлык акысы 12 миңден 20 миң сомго чейин.