Бүгүн, 19-декабрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Автомобиль транспорту жөнүндө мыйзамына, «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамынын долбоору 1-окууда каралып, жактырылды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Аталган мыйзам долбоору боюнча КР транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев маалымат берди. Аракеттеги мыйзамдар боюнча юридикалык жактар менен Кыргыз Республикасынын жарандары сатып алган автомототранспорттук каражаттарды алардын техникалык абалына карабастан 5 сутканын ичинде каттоосу (кайра каттоосу) зарыл.
“Автотранспорттук каражатты Бажы постторунан өткөрүүдө документтерди топтоо жүрүмүнө бир топ убакыт талап кылынгандыгын жана ошондой эле өлкөнүн алыскы аймактарын эске алганда өз маалында каттоодо же кайра каттоодо көйгөй жаралат. Натыйжада элдин нааразылыгы туулат. Ошондой эле коррупциялык факторлорго жол ачылат”,- дейт баяндамачы. Буга байланыштуу каттоо мөөнөтүн 10 жумушчу күнгө узартуу каралган өзгөртүү киргизүү сунушталууда.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы