Печать
Категория: Коом
Просмотров: 308

 

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Биринчи май райондук сотунун өзүнө карата чыгарган чечимине арызданмак болууда.

 

Эске салсак, кечээ депутатка сот көмү чыгып, ага ылайык эл өкүлү 5 миллион сом айып төлөмөк болгон.

 

Депутаттын адвокаттары Бишкек шаардык сотуна райондук соттун чечимин алышаары менен кайрылышат.

 

«Сот мени тергөөчүлөрдүн жана прокуратуранын жалган жалаасын жымсалдаш үчүн гана айыптуу деп тапты. Кылмыш иши ак жип менен тигилгени көрүнүп турат», - дейт Шыкмаматов.

 

Белгилей кетсек, Шыкмаматовго «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.