Печать
Категория: Коом
Просмотров: 137

 

 

Картинки по запросу украли казенные деньги 

 

 Ош облусуна караштуу Алай районуна курула турган балдар ооруканасына коротулчу каражат жок болду. Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү Мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, 2012-жылдын 5-июлунда курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча турак-жай- жарандык курулуш Мамлекеттик агенттиги менен «С.-Б.» жана «Ф.»  ЖЧКсынын ортосунда Алай аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүн курууга келишим түзүлгөн. Ал республикалык бюджеттен каржыланмак болгон.

     

 Андан кийин да аталган ЖЧКлар жана Ош облустук капиталдык курулуш Башкармалыгынын ортосунда кошумча келишимдер түзүлүп, бул эки коомдун директору болуп эсептелинген К.М.аттуу жарандын аты менен кол коюлган.

 

К.М. 2017-жылдын июнунда августка чейин аталган обьектин курулуш иштерин аяктай турганын билдирген кепилдик кат жолдогон. Бирок, 54 миллион сом которулса да, балдар ооруканасы ушул күнгө чейин курулуп бүтө элек.

 

 

 Ага карата кылмыш иши козголду.

 

 К.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.