Печать
Категория: Коом
Просмотров: 193

 

Интернет тармагына "Бишкектеги "Идеал-Хаус" vip-шаарчасын сатуу боюнча чуулуу иштин артында ким турат? 2-бөлүк" видеотасмасы тараган. Анда хансарайды сатуу ишине премьер-министр Сапар Исаковду байланыштырышкан. Белгилей кетсек,   48 коттеджден турган vip-шаарча Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караган жер тилкесинде жайгашкан.

 

Башкы прокуратура өкмөт башчысы бул видеотасмадагы маалыматты текшерип берүүнү өтүнгөн.

 

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында премьер-министрдин, анын туугандарынын же анын айланасындагы  жакын адамдардын "Идеал Хаус" комплексин менчиктештирүүгө тиешеси жоктугу аныкталды.

 

Ошондой эле, Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилди. Башкы прокуратура тарабынан "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.