Печать
Категория: Коом
Просмотров: 143

 

Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында мумиянын акыбалын иликтеген жумушчу топтун маалыматы угулат.

 

Жумушчу топтун курамына  Дүйшөн Төрөкулов  ("Бир бол"),   Рыскелди Момбеков (КСДП),   Аида Исмаилова ("Республика-Ата Журт"),   Алмазбек Токторов ("Кыргызстан") жана  парламенттин  аппарат кызматкерлери кирген.

 

Жумушчу топ Баткенге барып, мумияны кайра музейге кайтаруу маселесин карап чыгат. Эгер жергиликтүү эл каршы болбосо, анда мындай сунуш өкмөткө жолдонот.

Эске салсак,  Бишкектеги  Мамлекеттик тарых музейинде 1959- жылдан тартып  Баткенден табылып, казылып алынган аялдын сөөгү экспонат катары сакталып турган.  Ал ушул жылдын 14-октябрында Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерде жерге берилген. Айрым окумуштуулар мындай кадамды «кыргыз тарыхын көмүү» менен байланыштырып, каршы чыгышкан.