Печать
Категория: Коом
Просмотров: 164

 

18-декабрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовго карата чечим кабыл алынышы мүмкүн.

 

Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматов жубайына таандык  «Мерседес Бенц Е320»  үлгүсүндөгү автоунаасын кымбат баага сатууну көздөп,   "Барат Люкс" ишканасын тендердин катышуучуларынын катарына кошууга аракеттенген деп айыпталууда.   Ишти УКМК тергеген.

 

Бүгүнкү сот процессинде  айыпталуучулар Ж.Иманалиев менен А.Юксел жарыш сөз сүйлөшөт. Андан кийин  сот өкүмүн  чыгарышы мүмкүн.

 

Мамлекеттик айыптоочу соттон   Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн   конфискациялоо жана  сот залынан камакка алууну   сураган. 


Ал эми эл депутат өзүнө тагылган   айыптарды  негизсиз жана    козголгон кылмыш ишти  "саясий кысым"  деп айтып келет.