Печать
Категория: Коом
Просмотров: 143

 

 

 

Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти Роза Отунбаева өзү кеңешчиси катары эсептелген Кытайдын атактуу “Кытай жана глобалдаштыруу” талдоо борборлорунун биринде “Бир жол, бир тилке” долбоорун өнүктүрүүнүн болочогу туурасында кеңири баяндама жасады.

 

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Роза Отунбаева ошондой эле таанымал журналист Тиан Вейдин Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсүндөгү “Дүйнө ич тарабынан” (CGTN) деген эл аралык программасына дагы маек курду. Анда Кытайдын ааламдык демилгелеринин өңүтүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык келечеги, аймактагы олуттуу көйгөйлөр жана Кытай инвесторлору үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөр, Кытай менен Орусиянын ортосундагы Евразиялык экономикалык өнөктөштүк туурасында Келишимдин келечеги кең-кесири талкууланды.

 

Кытайга сапарынын жүрүшүндө Роза Отунбаева “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду менен туруктуу кызматташып жатышкан бир катар Кытай өнөктөштөрү менен дагы бетме-бет жолугушту.

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: “Майдан. kg” гезити