Печать
Категория: Коом
Просмотров: 223

 

 

 

Кызыл-Кыя шаарындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектеби 60 жылдык мааракесин белгиледи. Бул иш-чарага Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, мектептин ардагер мугалимдери жана жалпы шаар тургундары катышышты.

 

Тарыхка үңүлсөк, Кызыл-Кыя шаарындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектеби 1957-жылы пайдаланууга тапшырылган. Ошондуктан, ушул тапта 60 жылдык мааракесин белгилеп жаткан бул билим уясы ушунча жыл аралыгында 4000 бүтүрүүчүнү уясынан учурган. Булардын 60ы аталган мектепти алтын медаль менен аяктаган.

 

Ошентип, салтанаттын жүрүшүндө мектептин тарыхы туурасында мектеп музейиндеги экспонаттар жана мугалимдер менен окуучулардын жетишкендиктерин даңазалаган сыйлыктар көргөзмөгө катарынан коюлду.

 

Салтанат маалында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев мектептин мааракелик куттуктоо китебине каалоо-тилектерин жазып калтырып, эмгек жамаатына 25 миң сом акча, ал эми бир катар мугалимдерге баалуу сыйлыктарын тапшырды.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити