Печать
Категория: Коом
Просмотров: 165

 

Окуучулар мектептен тараганда караңгы кирет, жол кырсыктарына кабылтырбаш үчүн атайын мектеп автобустарын жүргүзүү керек.

 

Мындай пикирин депутат Рада Туманбаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

 

Айтымында, Бишкекте 96 орто билим берүүчү жайлары бар, айрымдарында окуучулар үч смен менен окушат.

 

 «Жолдордо эмне болуп жатканын карагылачы! Балдар мектептен кечинде кайтышат, жол кырсыгынын курмандыктары болуп жатышат. Мэрия бул маселеге көңүл буруп, баарын болбосо да, жок дегенде 3 смен менен билим берилген 10-12 мектепти автобус менен камсыз кылат деп ойлойм. Айрыкча кышында кечинде окуучуларга автобус керек», - деди депутат.