Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев «Франс Пресс» агенттигинин журналисти Крис Риклтондун Кыргызстандан эмне себептеп депортация болгонуна кызыкты.
Эске салсак, журналист Кыргызстандан Дубайга депортация болгон. УКМК анын виза режимин бузганы үчүн өлкө аймагынан чыгарылганын билдирген. Журналист соцтармактагы баракчасы аркылуу президент Жээнбековго кайрылуу жолдогон. Анда, Кыргызстанда кызы менен жубайы бардыгын айтып, өлкөгө кирүүсүнө уруксат берүүсүн суранган.
«ТИМ бул ишти көзөмөлгө алып, бизге бир жообун берсин. Мен ал журналистти тааныбайт экем, бирок, эмнеге өлкөгө киргизбей койгону мага кызык болуп жатат. Биз демократиялуу эле өлкөбүз го», - деди депутат.