"Азаттыктын" тажик кызматынын билдиришинче, Каромат Шариповду Москвадан Куляб шаарына жөнөтүштү.
Расмий бийлик бул окуя боюнча түшүндүрмө бере элек.
30-ноябрда Москвада сот ФСБ Шариповдун орус парспортун мыйзамдуу түрдө конфискациялаган деп таап, аны Тажикстанга депортациялоого жол ачкан.
Мигранттардын федерациясын жетектеген Шарипов 1993-жылы Орусияда юридикалык билим алган. Ал Советтер Союзу тарагандан бери тажик жараны эмес экенин билдирүүдө.
Шариповдун айтымында, ФСБ анын паспортун тажик мигранттары менен Москвадагы соода үйүнүн коопсуздук кызматкерлеринин ортосундагы жаңжалдан кийин алып койгон.
Сентябрдын соңундагы чатактан соң 250 тажик мигранты кармалган. Шарипов аларды кармоо мыйзамга туура келбей турганын айтып чыккан.
Каромат Шарипов "Тажик эмгек мигранттары" кыймылын 2008-жылы түзгөн.