«Манас» абамайданында бир катар каттамдар аба ырайынын бузулганына байланыштуу учпай токтотулган болчу. Эми ал каттамдар калыбына келтирилди.
Бул тууралуу аталган абамайдандан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 12-декабрда туман түшкөндүктөн Бишкек-Ош, Ош-Бишкек, Ош-Москва жана Ош-Үрүмчү багытындагы каттамдардын убактысы алмашкан. Каттамдар бүгүн эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин токтотулган. Андан бери "Манас" аэропорту эки каттамды кабыл алды.