Печать
Категория: Коом
Просмотров: 409

 

 

Картинки по запросу в бишкеке поймали проституток  

 

Бишкектеги Рыскулов, Бейшеналиев, Павлов көчөлөрүнүн жана Чүй проспектисинин кесилиштеринде жайгашкан мейманканалар, сауналар жана соода түйүндөрү текшерилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

 

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы таап чыккан эреже бузуулар боюнча административдик протоколдор түзүлдү, эми  ал сотко өткөрүлөт.

 

Ленин райондук ички иштер бөлүмү мейманкана түрүндөгү 14 үйдө жана анда жашаган 75 адамды текшерүүгө алган.

 

 Маалым болгондой, интимдик кызмат көрсөткөн 12 кыз Ленин райондук ИИБине жеткирилген.

 

Мындай текшерүүлөр тез-тез болуп тураарын Бишкек мэриясы кабарлады.