Печать
Категория: Коом
Просмотров: 125

 

Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Москва шаарында кармалган террористтердин арасында кыргызстандыктардын бары-жогун териштирип баштады.

 

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, тийиштүү көрсөтмө Кыргызстандын Россиядагы элчилигине берилди.

 

Москвада атайын операция 11-декабрда болгон. ФСБнын жетекчиси Александр Бортниковдун айтымында, террористтердин ок атуучу куралдары, колго жасалган жардыруучу ззаттары алынып, террористтердин куралдары жасала турган лаборатория жок кылынган. Белгилүү болгондой, кармалган террористтер ортоазиялыктар.