9-декабрда, Берлинде Кыргызстандын биринчи качкын ажосу Аскар Акаев менен немец жергесинде иштеп-жашап жаткан мекендештерибиз суроо-жооп форматында жолугушмак экен. Аны “KyrgyzClub-Germany” клубу демилгелеген. Бирок, биздин айрым мекендештер Акаевди жолугушуу баштала электе эле “кетишин”, “жегенин кусуп беришин” талап кылып, кыйкырып туруп алышкандыктан, Акаев өзү, жубайы Майрам, кызы Бермет кетүүгө аргасыз болушкан. Мына ошол учурда чогулуп турган жигиттердин бири Акаевди көздөй жумуртка ыргыткан. Буга ачуусу келген Бермет Акаева жумуртка ыргыткан жигитке ажылдап, атырылып, колундагы сумкеси менен башына бир нече жолу чапкан. Берлиндеги бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Эң өкүнүчтүүсү, Акаев президент болуп турган учурда эне сүтү оозунан кете элеп балапан балдар-кыздардын көз карашы болууда. Биринчи президенттин тушундагы адилетсиздикти, коррупцияны, анын зордук-зомбулугун бул балдар билмек беле! Билишсе аны азыр ар кандай комментарий жазып коргоп чыгышмак эмес.
Акаевди анын кошоматчылары канчалык айга-күнгө теңеп коргоого алышпасын, анын аты тарыхта кара тамгалар менен жазылып калаары анык. Себеби, бүгүн айкөл, ашкан демократ катары мүнөздөмө берип жатышкан Аскар Акаев элге каршы ок атып, Аксынын алты азаматы курман болгон, анын адилетсиз бийлигине нааразычылык иретинде ачкачылык жарыялаган Шералы Назаркуловду жоготуп алдык. Аксы эли эмнеге көтөрүлгөнүн эске салып коёлу, алар Акаевдин Үзөңгү-Куушту Кытайга берип жибергенин ачыктап ийген депутат Бекназаровду камап коюшанда, коргоп чыккан. Ооба, саясатчыларды аңдып, камакка алууну ушул Акаев баштап берип кеткен. Өтө жумшак, интеллигент, дипломат Акаевиңердин тушунда “Республика” гезити куугунтукка алынып, Замира Сыдыкова, Тамара Слащева камалып чыккан. Өзүнүн үй-бүлөсү, биринчи кезекте күйөө баласы Адил Тойгонбаев, уулу Айдар Акаевдин коррупциялык иш-аракеттерин ачыктаган гезиттерге, мисалы “Вечерний Бишкек”, кийин “Моя столица – новостиге” каршы чабуул болуп, сотторго миллиондогон доо менен баруу модага айланган. Акаев Кыргызстандын экономикасын талкалаган, элдин турмушу ит минип калганын унутуу керекпи? Миллиондогон жарандарыбыз ошол тушта аргасыз чет мамлекеттерге иш издеп, тентип кетүүгө аргасыз болгон. Эл ушундай жакырчылыктын сазында жашап тургун маалында Аскар Акаевдин үй-бүлөсү гүлдөп-өнүккөн. Буга март ыңкылабынан кийин атайын комиссия иликтеп таап чыккан Акаевге тийешелүү мүлктөрдүн тизмеси далил боло алат. Эгерде Акаев мыкты президент болгондо, анда аны эл эмнеге кууп кетирген? Жакшы болсо эл төбөсүнө көтөрүп алат эле го. Айтор, бүгүн экс-ажону айга-күнгө теңегендердин эсинде болсун, өзүнүн туулган жерине жакшылык кылбаган Акаевиңердин эч кимге кереги жок. Эл эч качан анын зулумдугун унутпайт.
Мына соцтармактардагы бир эле пикир, а мындай көз караш көпчүлүк элдин пикирин чагылдырып турат десек жанылышпасак керек: “Акаевдин үй-бүлөсү Кыргызстанды тоногону эмне калппы? 100% ЧЫН! Коррупцияны гүлдөткөнү эмне калппы? 100% чындык! Айдар жана Берметтин казак күйөөсү мамлекеттин баардык киреше булактарын басып алганы калппы? ЧЫН! Үзөңгү-Куушту Кытайга сатканы калппы? 100% чын! Кумтөрдүн алтындарын тонналап алып качышканы калппы? 100% ЧЫНДЫК! Жана башка бул ачкөздөрдүн кыргызга кылган кылмыштарын санай берсең сан жеткис!!! Биздин патриот жигиттерибиз туура кылат!!! Бул ачмыяндар элдин алдына чыгып сүйлөп, жолугушуу уюштургандын п-гун жесин! Андан көрө бир жерин бекем кысып, тирүү жүргөнүнө шүгүр кылып жашашсын!”.
Булак: “Майдан. kg” гезити