Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков «Таза коом» долбоорун ИИМдин көзөмөлүнө бербеш керек дейт.
Ал мындай пикирин бүгүн «Таза коом» долбоору боюнча эларалык конференцияда билдирди.
«Акылдуу шаар» долбоорун иш жүзүнө ашыргандан кийин аны ИИМ, же муниципалитет башкарышы керек деп жатышат. Эч убакта мындай кылууга болбойт», - деди Сапар Исаков.
Айтымында, «Таза коом» программасы менен байланышкан бардык долбоорлорго ишкерчилик аралашышы керек.
«Мисалы, «Акылдуу шаарды» ишке ашырууга мамлекетте каражат жок. Андыктан ага инвестиция тартылат. Электрондук саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактарды ишке ашырууга өкмөт жеке компанияларды чакырууну көздөп жатат», - дейт өкмөт башчы.
Анын белгилешинче, «Акылдуу шаарды» киреше табууга ынтызарланган компанияларга берүү керек. Ошондо мамлекеттик кызматкерлер менен жарандардын ортосунда ич ара макулдашып алмай болбойт. Ошондо, жол кырсыгын чакылдырган видеожазууну кайсы бир аткаминердин таасири менен өчүрүп салуу сыяктуу көз кысты иштер аткарылбайт.