Печать
Категория: Коом
Просмотров: 176

 

Германиядагы KyrgyzClub-Germany мекендештер уюмунун мүчөлөрү биринчи президент Аскар Акаев менен жолугушкан. Жолугушуу немец шаарынын көчөсүндө болгон.

 Жолугушууга жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет Акаева менен келген тунгуч президент адатында толгонуп-онтоп жатып орус тилинде сүйлөп баштаганда, кыргыз жигити андан кыргызча сүйлөөсүн талап кылган. «Демократиялуу Германияда жолугушуп жатабыз, демек, каалаган тилде сүйлөгөнгө укугум бар», - деген Акаев сөзүнүн соңуна орус тилинде чыгып, кетип баратканда баягы кыргыз жигити артынан кыйкырган. «Коррупционер» деп кыйкырган жигиттин жанына Бермет Акаева жете келип, «Далилденгенби, далилиң барбы?!» - деп атасын актап-жактаганга өттү. Ошондой эле, мурдагы ханбийке «Кыргызстанды бандиттер башкарып жатканын» да «балп» эттирген. Анын артынан жумуртка «былч» этип, кетип бараткан Акаевге карата учкан. Аны көргөн биз маданияттуу, каадалуу деп эсептеп жүргөн Бермет Акаева жигитке эки аттап жетип, алка-жалкадан алганга үлгүрдү.

 

Бандиттик өлкөнүн башаты так ошол Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда, күйөөсү Адиль Тойгонбаев экөөнүн салымы менен башталганын Бермет Акаева билбейт окшойт. Чындык ачуу тийет көрүнбөйбү, «коррупционер» деген таасын сөз Акаевдердин таалуу жерине тийип, туш тараптан шакылдап камералар иштеп жатканына да карабай, сумкеси менен жигитке «кол салуудан» да кайра тартпады го, чиркин!..