Печать
Категория: Коом
Просмотров: 186

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында 8-класстын окуучусу асынып алган. Бул тууралуу аталган облустун ИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 5-декабрда окуучу мектепке кеткен да, кечинде үйүнө кайтып келген эмес. Бир күндөн кийин анын жансыз денесин  газ трубасына асынган жеринен табышкан.

 

Баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартышып, милицияга арыз да жазышпаган.

 

ИИБдин белгилегениндей, баланын үй-бүлөсү ынтымактуу,   балага уруп-сабоо болду дегендей шек жаратпайт.  Мектепте да маркум тууралуу жакшы пикирлер айтылган, кимдир бирөөлөр менен каршылашуусу болгон эмес.