Печать
Категория: Коом
Просмотров: 302

 

Депутат Улукбек Ормонов Жогорку Кеңештин жыйынында «Дастан» заводу качан сатыкка чыгаарына кызыкты.

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун жетекчиси Д. Зилалиев «Дастан» заводу сатылбай турган обьектилерге кирээрин белгиледи.

 

«Акцияны баалоону өткөрдүк. Макулдашуу этабында УКМК тарабынан бул обьект стратегиялык болгондуктан сатууга болбойт деген пикир жаралды. Ошону менен сатыкка чыгаруу токтоду», - деди жетекчи.

 

Ал эми баалоочуларга Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фонду акы төлөп бере элек. Ошондуктан, баалоо үчүн канча каражат коротулганын айта албайт.