Печать
Категория: Коом
Просмотров: 310

 

 

Бишкектин Октябрь райондук сотунда Башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмүнүн улуу прокурору Эркин Курманалиевдин өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин негизиндеги сот процесси башталды.

 

Бул тууралуу  процесстеги айыпталуучунун адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди.

 

Адвокаттын айтымында, ал коргоп жаткан айыпталуучу Төлөгөн Айтмырзаев күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алган. Бирок, Курманалиевди өлтүрүүгө ниеттенбегенин айтууда.

 

«Айтмырзаев менен Курманалиев алыс туугандардан болушат. Курманалиевдин ата-энеси Айтмырзаевге ири суммадагы акчаны айлантууну сунуштаган. Айтмырзаевдин микрокредиттик компаниясы болгон. Бирок, ишкер банкрот болуп, алган акчасын өз убагында кайтарып бере албай калган», - дейт адвокат.

 

Башкы прокуратуранын версиясы боюнча Айтмырзаев Курманалиевден 60 миң доллардан көп сумманы карызга алган.

 

 «Эркин Курманалиев Айтмырзаевди коркутуп, түрмөгө отургузаарын убада кыла баштаган. Ошондуктан Айтмырзаев тууганын коркутуп коюну ойлоп, анын машинесине тротил салынган пакет таштаган. Бирок аны өлтүрүүнү каалаган эмес, тротил аз эле болгон, ал адам өлтүрүүгө жетмек эмес», - дейт Жумашев.

 

 Эске салсак, окуя 2016-жылдын 29-июлунда болгон. Эркин Курманалиев машинесине отурганда машине жарылып, жабырлануучунун колу бөлүнүп, көзү агып түшкөн.