Жарандык активист Калича Умуралиева Кыргызстанда сойкулардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууну сунуштады. Мындай сунуш коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

 

Калича Умуралиева «Вести.kg» маалымат агенттигине эмне үчүн бул маселени көтөргөндүгүн түшүндүрүп берген.

 

“Мен бул маселени көптөн бери айтып жүрөм. Менин кызым ооруканада күйүк бөлүмүндө иштейт. Бир жолу ал жумуштан шок абалда келип, “апа, элестетсеңиз бизге бир кызды алып келишти. Аны тирүүлөй эле күйгүзүшүптүр. Ал кыз сойку экен”,- деди. Аны күйгүзгөн адамдар, анын кардарларыэкен. Жабыркаган кызга сутенёрдон башка эч ким келген эмес. Жабыркаган кыз сойку болгондуктан, аны күйгүзгөн адамдар жоопкерчиликке тартылган эмес. Кардар сойкуну жиликтеп салган учурлар дагы болгон. Сойку кыздар ар дайым кордук көрүп келишет. Алардын укугун коргогон адам жок»,- деп айткан Калича Умуралиева.

 

Жарандык активисттин айтымында, сойкулар өлкөнүн бюджетине дагы жакшы эле салымын кошмок. “Сойкулук-бул ар бир өлкөнүн көмүскөдөгү экономикасы. Бул жаатта сойкулар гана киреше таппайт. Таксисттер, ашканалар, жансакчылар дагы киреше табышат. Сойкулук-бизнесин крим чөйрө калкалап келет. Сойкулук-бизнеси, курал-жарак саткандай эле ири суммадагы киреше алып келет.

 

Германия сойкулукту мыйзамдаштырып койгон. Ал өлкөдө сойкулар коргоого алынып, пенсия алышат. Кыргызстанда сойкулар 30 жаштан кийин ичкиликке же маңзатка берилип кетишип, эрте эле өмүрү кыйылат. Мыйзам жок болгондуктан кээ бир кыздар алданып калып сойкулукка барышат.

 

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина сойкулукту мыйзамдаштырууга каршы.

 

“Бул ишти мыйзамдаштырбай эле, сойкулукту жок кылууга аракет кылыш керек. Жарандарды маданият жана моралдык жактан калыптандырыш керек. Бул маселе көп көтөрүлүүдө. Көпчүлүк адамдар батыштын стандарттарын бизге таңуулап жатышат. Сойкулук бул бузукулук. Кээ бир адамдар муну кесип деп атап алышкан. Эгер, биз секс-коммерцияны мыйзамдаштырсак, эки жыныстуу никелерге уруксат берген өлкөлөрдүн деңгээлине түшүп калабыз. Биз буга жол бербешибиз керек. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мындай жаман иштердин алдын алганга аракет кылышыбыз керек”,- деп айткан депутат.

 

Булак: fakt.kg