Печать
Категория: Коом
Просмотров: 152

 

Кыргызстанда жыл өткөн сайын жол кырсыктары көбөйүүдө. Жол кырсыгынан каза тапкандардын, ар кандай жараат алгандарды саны өсүүдө. Бул маселе ИИМ ардагерлерин да четте карап тургузбады. Алар жол эрежелерине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жол кырсыктарын азайтууга болот деген сунуштарын жолдошту.

 

Ардагерлердин белгилешинче, транспорт каражаттарына техникалык кароону кайтаруу керек, алкоголь ичимдиктерин түштөн кийин сатпоо керек жана Кыргызстандын жарандарын жол коопсуздугунун эрежелери менен кабардар кылуу керек.

 

 ИИМдин ардагерлер кеңешинин жетекчиси Султанбек Жоошбаевдин айтымында, жол кырсыктары көбүнчө айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кесепетинен болот.

 

 «Акыркы убакта жол кырсыгынан көп адамдар каза табышты. Мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн ИИМ ардагерлер Кеңеши куралган. Жол эрежелерин биз өзүбүз бузабыз. Ошондуктан, бул маселени чечүүнү комплекстүү баштап, жол коопсуздук эрежелерин жада калса бала бакчадагы балдарга да үйрөтүүбүз керек», - дейт ал.

 

 Ошондой эле ардагердин белгилешинче, алкоголдук ичимдиктерди түштөн кийин сатыкка чыгарбоо да мас абалында рулга отурган айдоочулардын катарын азайтып, бул өз кезегинде жол кырсыктарынын алдын алат.