Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморовдун айтымында, Чубак Жалиловду тергөөчүлөр суракка алышпай эле, жөн гана сүйлөшүшкөн.
«28-ноябрда соцтармактарда Чубак Жалиловдун экинчи аялына үйлөнгөнү тууралуу айткан видеосу тараган. Ага байланыштуу прокуратурага укук коргоочу Азиза Абдрасуловадан бул видеого тийиштүү чара көрүү өтүнүчү менен арыз келип түшкөн. Бишкек ШИИБинин Тергөө башкармалыгы буга байланыштуу тийиштүү чараларды көрүүдө», - деп басма сөз катчы.
Айтымында, Чубак Жалилов чакырылып, видео боюнча түшүндүрмө берген. Анан кандайча экинчи жубайлуу болгонун айтып берген. Бул сурак эмес. Алар 3 сааттай сүйлөшүшкөн.
Ал эми ажынын адвокаты Акин Токталиевдин айтымында, Бишкек ШИИБинин сурагында тергөөчүлөр Чубак Жалиловду коомчулукка экинчи аялды албагам деген төгүндөө берүүгө мажбурлашкан.