Кыргызстанда ноябрь айында бензин орточо эсеп менен 1,5 сомго кымбаттаган.
Бул тууралуу Мунай ташуучулар бирикмесинин маалыматынан улам белгилүү болду.
Маалыматка караганда, Россиядагы күйүүчү майдын кымбатташы жана өлкөгө кирген дизелдик отунга кошумча бажы төлөмү төлөнүп жатканы бензиндин кымбатташына алып келген.
Декабрь айында бензиндин баасы кандай болоору белгисиз.
Бишкекте учурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри орто эсеп менен 40 сом 07 тыйындан сатылса, АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 43 сом 50 тыйынга жетти.