Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 4-декабрда ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароо артка жылды. Анткени, маалыматтарга караганда, депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова ооруп калган.
Эске салсак, Жогорку Кең ештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов «коррупция» беренеси менен айыпталууда. Ага карата башпрокурор Индира Жолдубаева 17-февралда иш козгогон. Депутат Эсептөө палатасында аудитор болуп иштеп жүргөн кезинде коррупциялык аракетке барган деп шектелүүдө.