Транспорт министрлиги оң рулдуу машинелер менен жүргүнчүлөрдүн коммерциялык негизде шаардан шаарга жана өлкөдөн өлкөгө ташууга тыюу салуу ниетин карманууда. Анын негизинде бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизилген мыйзамдолбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Эске салсак, оң рулдуу машинелерди коммерциялык негизде колдонууга айыппул салуу 2020-жылга чейин токтотулган. Бирок, кайра аны 2018-жылдын 1-январына чейин киргизүү сунушталууда. Учурда бул бардык министрликтер менен макулдашылып, өкмөттүн кароосунда турат. Андан кийин Жогорку Кеңешке жөнөтүшөт.
Андан тышкары Транспорт министрлиги автобус жана жең ил таксинин айдоочуларына да талапты күчөтүшөт. Ага ылайык, мындан ары жүргүнчүлөр ташылган автобустун айдоочулары беш жылдан кем эмес стажга ээ болууга тийиш. Буга чейин автобус айдоочулугуна үч жылдан кем эмес стажы барлар кабыл алынчу.
Ал эми жең ил таксинин айдоочуларынан үч жылдан кем эмес стаж талап кылынат.