Печать
Категория: Коом
Просмотров: 188

 

 

 

 

2,6 жаштагы баласын көчөдө тепкен ата Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштейт.

 

Мындай маалымат интернеттеги видеодон улам айрым пикирлерде айтылган. Бирок, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев видеодогу эркекти тааныбаганын, эгер ал чындап эле Мамкаттоонун кызматкери болсо, тийиштүү чара көрүлөөрүн билдирген болчу.

 

Дастан Догоев сурамжылоодон кийин ал киши чын эле Мамкаттоонун кызматкери экенин аныктаган. Айтымында, Бариэр Адиев (баласын тепкен ата) кызматынан бошотулат.

 

  Эске салсак, интернет тармагына көчөдө уулун ээрчитип бараткандагы атанын кылыгын чагылдырган видео тараган. Анда жыгылып калган уулун ата тургузуунун ордуна анын ичине тепкен. Бул видео коомчулукка тарагандан кийин ырайымсыз атаны таап, жазага тартуу талабы күчөгөн.  Октябрь райондук ИИБи «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.