Кыргыз режиссеру Темир Бирназаровдун «Түндөгү кырсык» аттуу көркөм тасмасы байгеге ээ болду. Режиссер Асель Жураеванын айтымында, кинофестиваль Эстонияда өткөн. Ага аталган тасма катышып, баш байгени жеңип алган.
Тасма фестивалда А класстын - Tallinn black nights («Таллиндин караңгы түндөрү») - алкагында тартууланган. Ал Эстонияда ноябрь айынын аягында болуп өткөн.
Ал эми орусиялык маалымат сайттардын жазганына караганда, аталган фестивалга 18 тасма катышкан. Алардын ону дүйнөлүк премьера, жетөөсү эларалык жана бир тасманын европалык премьерасы болгон.
Фестивалдын директору Тийна Локктун айтымында, Бирназаровдун тасмасы фестивалга эң акыркы сааттарга келген, бул кезде программа дээрлик түзүлүп калган эле.
«Түнкү кырсык» тасмасынын башкы каарманы жалгыз жашаган улгайган киши жол боюнан кырсыкка учураган кызда таап алып, жараатын айыктырып карайт. Акырындык менен ал кызды сүйүп калат.
«Бул чакан, абдан жөнөкөй тасма олуттуу нерселер тууралуу кеп кылат. Сценарийдин түзүлгөнү да кызык. Тасманын тили жөнөкөй, бирок мааниси абдан терең. Абдан кең пейил тасма», - деп айткан Тийна Локк.