Кыргызстандагы абактарда 10 миңден ашуун адамдар кармалууда.
Түрмө системасын модернизациялоо маселеси боюнча өткөрүлөн конференцияда Penal Reform International Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн аймактык директору Азамат Шамбиловдун айтымында, бул көрсөткүч Кыргызстан үчүн өтө эле көп. Негизинен 10 млн калкы бар өлкөлөрдө ушундай көрсөткүч болот.
«Абактагылардын саны 100 миң калкка 50дөн 70 адамга жеткенде гана идеалдуу көрсөткүч болуп эсептелинет. Кыргызстандын калкынын саны 10 млн болсо, анын 10 миңи абакта отурса, мына ошондо идеалдуу болмок», - дейт Шамбилов.