Печать
Категория: Коом
Просмотров: 122

 

Москва шаарында каракчылык менен шугулданган адам кармалды, ал эки кыргызстандыктын акчасын тоногон.

 

Бул тууралуу 360 телеканалы маалымат таратты.

 

Анда айтылгандай,  шектүү эки кыргызстандыкка «братванын смотряңийимин» деп өзүн тааныштырган.

 

Окуя Казань вокзалында болгон. Кылмышка шектелип жаткан адам шаарга жаңы келген эки кыргызстандыкка ден соолуктан айрылгандан көрө акчадан айрылган жакшы экенин насаат катары айтып, 35 миң рублин тартып алган. Эки кыргызстандык бул акча менен үйлөрнө кетүүгө вокзалга келишкендиктен, акчаларынан айрылып, бара турган жерлери жок вокзалда баш калкалашкан. Аларды полиция байкап калып, эмне болгонун териштирген.

 

Полиция кызматкерлери каракчыны тез эле табышкан. Шектүү кылыгына уялып койбостон кайра полиция кызматкерлерине биргелешип иштөөнү  сунуштаган.  Шектүү буга чейин да каракчылык менен соттолуп чыкканы аныкталган. Азыр камакка алынды.