Печать
Категория: Коом
Просмотров: 143

 

 

 

Кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын көзү тирүү болсо кийинки жылы 100 жашка чыкмак. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

 

«Жусуп Мамай көзү тирүү кезинде Кытайдын эң чоң сыйлыгы «Тоо гүлүн» алган. Ал кыргыздын сыймыктуу манасчысы. Кыргыз Республикасынын Эл артисти. Эми ага эстелик орнотолу десе, өкмөт мэрияга шылтап, мэрия мараторий киргизилген деген жоопту бериптир. Атактуу манасчыдан эки метр жерди аяйбызбы? Бул маданиятка жасаган чыккынчылык. Мараторийи жок эле Айтматовдун эстелиги орнотулду. Анын жанына Жусуп Мамайдын эстелигин коюу керек. Кийинки жылды Айтматов менен Жусуп Мамай жылы деп жарыялоону сунуштайм», - деди депутат.