Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

Кыргызстанда укугу кордолгон аялдар көп. Жыл сайын алимент алууга 5 миңден ашуун арыз түшөт, алардын көпчүлүгү аткарылбай калат. Анткени, мыйзам чегинде тийиштүү документтери жок.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

 

«Ага карабай эки аял алуу маселеси көтөрүлүп жатат. Эмнеге диний ишмерлер балдарын жалгыз багып жаткан аялдардын алимент ала албай аткан маселесин көтөрүшпөйт? Бизде эки же андан көп аял алып, бир чарбада жашап жаткандар көп. Бул мыйзамга каршы  келет. Учурдун эркектеринин мактанычы, сыймыгы эки аял алуу болуп калды. Алар эки аялы бар экендиги менен мактанышат. Эки аял алуу тууралуу мыйзам иштебей жатат. Экинчи аял болуп турмушка чыгууга макул болгон кыз-келиндер диний ишенимден эмес, материалдык кызыкчылыктан ушул кадамга барышканын белгилей кетели. Демек, бул социалдык маселе», - деди депутат.

Ал эки аялдуу үй-бүлөдө өскөн балдарда үй-бүлө деген түшүнүк болбой, мээрим, сүйүүнү билбей калышаарын белгиледи.