Печать
Категория: Коом
Просмотров: 145

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Чүй облустук  бириккен ооруканасы экиге бөлүнүп жатканын билдирген. Айтымында, бири  оорукана болсо, экинчиси реконструктивдүү жана калыбына келтирүү хирургия Борбору, ал Саламаттыкты сактоо министрлигине карайт.

 

 Аталган оорукананын директору Бакыт Болотбековдун айтымында, оорукана хирургия Борбору сыяктуу эле баштапкы абалда иштөөсүн улантууда.

«Биздин ишмердүүлүгүбүз бири бирине байланышып турат. Бөлүндү деген кеп бизден чыккан жок»,  -дейт директор.

 

Белгилүү болгондой, борбордо 30 дарыгер иштейт жана алардын арасында илимдин 10 кандидаты жана докторлору да бар.

 

Хирургия борборунун директору Эрнст Акрамов дарыгерлердин маянасы абдан аз экенин белгилеген.

 

«Биздеги чоң көйгөй айлык маяна маселеси. Айрымдар 4 миңден 7 миң сомго чейин алышат. Мындай акчага жашоо мүмкүн эмес да! Мамлекет өзү дарыгерлерди пара алууга түртүп жатат», - дейт Акрамов.