СОБРдын кызматкерлери кечээ кечинде дагы бир качкынды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, качкын Бишкектин Ленин районуна караштуу аймактан табылган.
Эске салсак, 27-ноябрда Сокулук райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайынан төрт кылмышка шектүү качып чыгышкан. Алардын экөө сутка ичинде кармалган.
Качып чыккандар каракчылык, киши өлтүрүү сыяктуу оор кылмышка шектелгендер.